Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте кызыкдар тараптарды "Поларис" курорттук комплексин (мурдагы "Архитектор" пансионаты) куруу жана башкаруу» МЖӨ долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча түз сүйлөшүүлөргө катышууга чакырат.
МЖӨ борбору билдиргендей, түз сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн квалификациялык талаптар менен агенттиктин сайтынан таанышууга болот.
Түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышуу үчүн арыздар, ага тиркелген документтер менен, Бишкек шаары, «Ынтымак Ордо», Ч.Айтматов көчөсү , 301 дареги боюнча кабыл алынат.
Байланыш телефону: +996 (705) 557672.
Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 3-февралы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө чейин.
Долбоор боюнча суроолор боюнча МЖӨ борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 8/1, тел.: +996 (705) 211093.
Пикир
Оставить комментарий