Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында үрөнчүлүк чарбалар даярдаган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрү 30% арзандатуу менен берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минстрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары жана чарбалык субъектер менчигинин түрүнө карабастан кеткен чыгымды 30% жеңилдетүү менен төлөп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүн сатып ала алат.
Жеңилдетилген шартта үрөндөрдү алуу үчүн дыйкандар:
1. Дотациялык үрөндөрдү алуу ниетин билдирген айыл чарба товар өндүрүүчүсү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө тиешелүү өтүнмө берет.
Айыл чарба товар өндүрүүчүсү өтүнмөгө төмөнкү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркейт:
а) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН (бар болсо);
б) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН (бар болсо);
в) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер жана/же ижара келишими).
2. Райондук комиссия айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен дотациялык үрөндү алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Министрлик толук маалымат алуу үчүн 0990-965-006 телефону аркылуу үрөндөрдү сертификаттоо бөлүмүнүн башкы адиси А.Муратбекова менен байланышууга болорун белгилейт.
Пикир
Оставить комментарий