Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нуктарын тазалоо иштери уланууда

Коом

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нуктарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкек жашыл чарба" ишканасы тарабынан Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери 10-сентябрда, ал эми Аламүдүн дарыясын тазалоо 13-ноябрда башталган. Мындан тышкары, 30-октябрда Чоң Чүй каналынын нугун тазалоо иштери башталып, 10-ноябрда аяктаган.

Ала-Арча дарыясында жалпы узундугу 15 миң метр жер кол менен тазаланып, 3 миң метринде механикалык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми Аламүдүн дарыясынын узундугу 1 миң 100 метр болгон жери кол менен тазаланып, 950 метринде механикалык тазалоо жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, дарыялардагы механикалык тазалоо иштери экосистеманы олуттуу түрдө жакшыртып, жамгырлуу мезгилде суу каптоо коркунучун азайтат.