• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жыл башынан бери Баткенде 7 адам сууга чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Баткен облусунда жыл башынан бери 7 адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууга чөккөндөрдүн бешөө жаш өспүрүмдөр болгон – төртөө 2 жашка чейинки балдар, ал эми бирөө 10 жаштагы өспүрүм.

“Урматтуу ата-энелер, өз балдарыңыздарга кайдыгер карабай, алардын баскан турганын ар дайым көзөмөлгө алыңыздар!”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий