Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Жарандар тарабынан тартылган бардык видео материалдар боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жол инспекторлорунун катышуусунда тартылган ар бир видеонун чын-төгүнү териштирилет.
"Жарандык активисттер, блогерлер айрым учурда провокациялык жолдор менен кызматкерлерди фото-видеого тартып, жол инспекторлорунун ишине тоскоолдук жараткан учурлар катталат. Анын баарына жетекчилик тараптан териштирүү иштери жүргүзүлүп,чын-бышыгы аныкталат", - деп белгиледи Байказы Айтикул уулу.
Пикир
Оставить комментарий