• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы 1 384 мыйзам бузууну аныктады

Коом 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын 11 айында 706 текшерүү жүргүзүп, бузуулардын жалпы саны 1 384 түздү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • жер жаатында 1010 мыйзам бузуулар;
  • суу жаатында 374 мыйзам бузуулар.

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн КР Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 456 болуп, айыпкерлерге салынган айып пулдун жалпы суммасы 4 млн 979 миң сомду түздү. Ал эми аталган суммадан 4 млн 27 миң 680 сом өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп берилди.

Ошондой эле коюлган доонун суммасы 9 млн 583 миң 183 сомду түзүп, анын 4 млн 998 миң 118 сому мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий