• 87.45
  • 100.77
  • 1.12

Жээнбеков Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында ,Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана Тажикстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мамлекеттер башчылары ошондой эле кыргыз-тажик кызматташтыгынын олуттуу маселелерин да талкуулашты, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитаци ялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Пикир

Оставить комментарий