Бишкек, 11.11.23./Кабар/. Бишкекте улгайган жарандар арасында спорттун үч түрү боюнча спартакиада өттү, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
Алсак, Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчада жеңил атлетикалык жарышы өттү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча орундар ушундай бөлүштүрүлдү:
Эркектер арасында:
- Трифанов О – 1-орун;
 - Баитов А. – 2-орун;
 - Стамалиев Т. – 3-орун.
 
Аялдар арасында:
- Аракеева Т – 1-орун;
 - Осмонкулова М. – 2-орун;
 - Бейшекеева Н. – 3-орун.
 
Өз кезегинде спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде стол тенниси боюнча турнир өткөрүлдү.
Байгелүү орундар ээледи:
Эркектер арасында:
- Дыйканбаев Р. – 1-орун;
 - Белеков С. – 2-орун;
 - Мамбетов М. – 3-орун.
 
Аялдар арасында:
- Супатаева Ж – 1-орун;
 - Жумабаева Ч. – 2-орун;
 - Жумабаева М. – 3-орун.
 
Ошондой эле балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде шахмат боюнча турнир өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды:
Эркектер арасында:
- Абдыраимов Смаил – 1-орун;
 - Жансаков Муратбек – 2-орун;
 - Лазарев Олег – 3-орун.
 
Аялдар арасында:
- Табалдиева Гүлмира – 1-орун;
 - Хромцова Людмила – 2-орун;
 - Борисова Махабат – 3-орун.
 
Бул иш-чаранын максаты улгайган адамдар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттун интеллектуалдык түрлөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Кыргызстандын пенсионерлер партиясы уюштурду.
	
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий