Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө жазгы айдап себүү үчүн мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5 миң 687 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинен билдиришти.
Анын ичинен:
- жаздык буудай 2378 тонна,
 - жаздык арпа 2959 тонна,
 - эспарцет 5 тонна,
 - пахта 70 тонна,
 - жүгөрү 90 тонна,
 - картошка 165 тонна,
 - беденин үрөнү 20 тонна.
 
Мындай чечим айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн колдоого жана үрөнчүлүк чарбаларында сапаттуу үрөндөрдү өндүрүүнү стимулдаштырууга багытталган.
	
                                                        
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий