• 87.39
  • 96.36
  • 1.01

Жаратылыш министрлигинин аймактык башкармалыктарына унаалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл, Чүй, Баткен, Нарын жана Талас аймактык башкармалыктарына унаалар тапшырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Унаалар башкармалыктардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана колдоо максатында министр Медер Машиев тарабынан тапшырылды.

Министр Машиев унааларды тапшырып жатып, материалдык колдоо аймактык башкармалыктардын ишин алдыга жылдырууга чоң колдоо болоорун, айлана-чөйрөнү коргоодо жана ыкчам чараларды аткарууга шарттар мындан ары дагы жакшыраарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий