• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Жаныбек Керималиев айыл чарба министринин биринчи орун басары болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Жаныбек Керималиев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Жаныбек Керималиев буга чейин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий