• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 11-июлда саат 21:34 чамасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, Көк-Бел айылында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен. Токтогул, Торкентте - 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 баллды түзгөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кырсыктан жабыр тарткандар жок.

Пикир

Оставить комментарий