• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Жалал-Абадда шайлоо тилкелеринин өрт коопсуздугу текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө өрт кырсыктарын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Иш-чаралардын жүрүшүндө шайлоо тилкелери жайгашкан объектилердин өрт коопсуздугуна жооптуу адистерине, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө добуш берүү учурунда өрт коопсуздук талаптарын, эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрмө берилип, нускамалар өтүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун аймагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата 452 шайлоо участкасы уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий