• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Жалал-Абадда кызматта жана спортто жетишкен ийгиликтери үчүн милиция кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда Жалал-Абад облустук милициясынын имаратында кызматта жана спортто жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аларга атайын наам, медаль жана дипломдор ыйгарылды.

Сыйлыктарды Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеӊишбек Абитов тапшырып, кызматкерлерди куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий