• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Жалал-Абадда 4 күн ичинде 16 ок атуучу курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Жалал-Абадда 4 күн ичинде эл арасынан 16 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат ылайык, 12-16-январь күндөрү эл арасындагы мыйзамсыз сакталып келген куралды аныктоо боюнча иш-чара жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 16 ок атуучу курал алынган.

"Алынган 16 мылтыктын ичинен 4 даанасы сайлуу, 12 даанасы сайсыз ок атуучу куралдар болгон", -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий