• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Жалал-Абадда 1,5 млн сомдук товарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. «Жалал-Абад» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарынын бузуу фактысы аныкталды.

Бажы кызматынан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз ташылып келинген 5 тоннадан ашык жүк, анын ичинде автоунаа тетиктери, курулуш материалдары, химиялык заттар, азык-түлүк жана чарбалык товарлар табылган.

Жүктүн жалпы баасы 1 571 970 сомду түзсө, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 374 329 сомду түздү.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий