• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жалал-Абад шаарында “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад шаарында окуучулар арасында “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын облустук баскычы өтүп жатат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, телетаймашка район-шаарлардан жеңишке жеткен командалар катышууда.

Аталган сынакка Жалал-Абад шаарынан “Манас таануу” боюнча №1 М.Бабкин жана №5 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын командалары, “Манас айтуу” боюнча 6 мектептин командасы катышууда.

Аталган телетаймаш бала бакчалар арасында да өтүп жатат. Ага шаарбыздагы №17 “Каакым” балдар бакчасы катышууда.

Жеңүүчү болгон командалар ушул жылдын май айында өтүүчү республикалык телетаймашта Жалал-Абад облусунун намысын коргойт.

Пикир

Оставить комментарий