• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 06:49да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Токтогул районунун Арал айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий