• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Жалал-Абад облустук аймактык адвокатурасынын төрагасы пара берүүгө ортомчулук кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын пара алуусуна ортомчулук кылган Жалал-Абад облустук аймактык адвокатурасынын төрагасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан сот системасындагы укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын судьяларына пара берүү фактысы аныкталды.

Жалал-Абад облусунун аймактык адвокатурасынын төрагасы М.А.М. коллегиянын судьялары менен ишеним мамилелерин колдонуп, сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаргандыгы үчүн пара берүүдө ортомчу болуп чыккандыгы такталды.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу боюнча КР жараны Х.С.С. күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, облустун соттору Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. тарабынан соттолгон адамдын аракеттери КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүнө 8 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайра классификацияланган жана башка мамлекеттин аймагында жүргөн апасынын колунда болгон уулу 14 жашка чыкканга чейин өкүмдүн аткарылышын мыйзамсыз создуктурган. Адилетсиз чечимдин натыйжасында соттолгон Х.С.С. камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун үч судьясы камакка алынды.

2025-жылдын 13-январында М.А.М. Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абадда массалык баш аламандык уюштурган деп Сузак райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган КР жараны Н.Ш.ны камактан бошотуу жөнүндө атайылап адилетсиз чечим чыгарганы үчүн аталган судя М.А.М. 2012-жылы Жалал-Абад облустук сотунун судьясы болуп иштеген учурунда кылмыш жоопкерчиликке тартылган, ал дагы кийин укук коргоо органдарынан качып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий