Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Ыктыярдуу түрдө курал жана ок-дары тапшыргандарга сый акы төлөнөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
“Жарандардын жана юридикалык жактардан таап алынган же мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана акысыз негизинде кабыл алуу жана текшерүү боюнча иштерди жакшыртуу максатында, ошондой эле КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы “Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизинде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун, КР ИИМнин 2020-жылдын 21-апрелиндеги жана Жалал-Абад ОИИБдин 2020-жылдын 8-майындагы буйруктарын аткаруунун негизинде төмөнкү тизмени жарыялайбыз”, - деп айтылат маалыматта.
Куралды жана ок-дарыларды, ага тете жардырма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө тапшыргандыгы үчүн төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү:
| 
			 №  | 
			
			 Курал-жарактын жана ок-дарылардын аталыштары  | 
			
			 Бирдикке болгон баасы (сом менен)  | 
		
| 
			 1  | 
			
			 Колго жасалган (жабдыксыз) жана түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү гранатомётторду кошкондо автоматтык гранатомёттор  | 
			
			 
 16000  | 
		
| 
			 2  | 
			
			 Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү пулемётторду кошкондо пулемёттор  | 
			
			 16000  | 
		
| 
			 3  | 
			
			 Түнкү мээлегичи бар чет элдик өндүрүштөгү автоматтарды кошкондо КА, МКА, АКМС, КА-74, АКС-74, АКС-74Уавтоматтардын түрлөрү ж.б.у.с.  | 
			
			 9600  | 
		
| 
			 4  | 
			
			 Снайпердик атуу үчүн ылайыкталган узун сайлуу стволдук куралдардын түрлөрүн кошкондо СВД, СВДС,СВДН согуштук снайпердик (көзгө атаар) мылтыктар  | 
			
			 9600  | 
		
| 
			 5  | 
			
			 Согуштук жана сайлуу аңчылык куралдардан чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык карабини  | 
			
			 6400  | 
		
| 
			 6  | 
			
			 Сменалык, салынма стволдук чолок мылтыктарды кошкондо аңчылык сайсыз мылтыктар  | 
			
			 3200  | 
		
| 
			 7  | 
			
			 Колго жасалган атылуучу түзүлүштөр (октор менен атуу үчүн арналган буюмдар)  | 
			
			 1600  | 
		
| 
			 8  | 
			
			 Армиялык жарылма заттар (тротил, гексоген жана алардан жасалган буюмдарды кошкондо башка жарылма заттар)  | 
			
			 100 граммына 1600 сом  | 
		
| 
			 9  | 
			
			 Өндүрүшкө арналган жарылма заттар (аммонит, угленит жана алардын аналогдору)  | 
			
			 100 граммына 840 сом  | 
		
| 
			 10  | 
			
			 Кол граната (машыгууда колдонгондон башка)  | 
			
			 3200  | 
		
| 
			 11  | 
			
			 Атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (машыгууда колдонгондон башка) жана сапёрдук миналар  | 
			
			 3200  | 
		
| 
			 12  | 
			
			 Сайлуу куралдарга ок-дарылар (5,45; 7,62 мм жана андан ашык калибрдеги согуштук патрондор жана 7,62 калибрдеги аңчылык патрондор)  | 
			
			 1 даанасына 10 сом  | 
		
| 
			 13  | 
			
			 Сайсыз курал-жарактарга ок-дарылар  | 
			
			 1 даанасына 6 сом  | 
		
| 
			 14  | 
			
			 Газ куралдары, травматикалык аракеттеги октору менен куралдар, өздүк коргонуу куралдары  | 
			
			 3200  | 
		
| 
			 15  | 
			
			 Атылуучу тапанча же револьвер  | 
			
			 6400  | 
		
| 
			 16  | 
			
			 Кара дары (порох)  | 
			
			 100 граммына 100 сом  | 
		
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий