• 87.45
  • 101.08
  • 1.09

Жал кичирайонундагы “Шашлычная” кафеси демонтаждалат

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Жал кичирайонунда Ахунбаев жана Тыналиев көчөсүнүн кесилишндеги “Шашлычная” кафеси демонтаждалат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бузуу иштерине шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев катышат.

Белгилей кетсек, мурдараак, жогоруда аталган кафеге жанаша жайгашкан жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулган. Андан соң, УКМК тарабынан вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү") жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий