• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жаңы жылда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Кыргызстандыктар жаңы жылда төрт күн катары менен эс алат. Эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча токтомго КР премьер-министри тарабынан 2018-жылдын 1-мартында эле кол коюлган.

Ошентип, 2018-жылдын 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы эс алуу күндөрү 2018-жылдын 31-декабры жана 2019-жылдын 2-январындагы жумуш күндөрүнө жылдырылат.

Бул документ 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.

Аталган токтомго азырынча эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий