• 87.45
  • 99.75
  • 1.09

Өзгөндө өрттүн кесепетинен 3 жашар бала көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.24./Кабар/. Өзгөн шаарында турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 4 жаран ооруканага түшүп, анын ичинен 3 жашар бала көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош облусундагы Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 09:03тө чектөөгө алынды.

Пикир

Оставить комментарий