• 87.45
  • 103.23
  • 1.12

Зардалыга жаңы жол салынат

Аймак 0

Ош, 27.09.22. /Кабар/. Баткен облусунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылына жаңы жол салынат. Бул тууралуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, сел эски Сох-Кан-Зардалы жолун жууп кеткен. М-Магнит жеке компаниясы аталган жолду ачып гана тим болбостон, анын туурасын кеңейткен. Бул жолдун узундугу 60 чакырымды түзөт.

"Андан тышкары, аталган компания Тунук-Суу айылынан Зардалы айылына чейин жаңы жол салат. Анткени ал компания Тунук-Суу айылында цемент заводун жана көмүр казуучу ишкана курууну пландаштырууда. Заводду куруу үчүн капсула салынды", - деди Каламбеков.

Пикир

Оставить комментарий