• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду ишкерге бизнесин кеңейтүү үчүн насыя бөлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Балыкчы шаарынын тургуну, ишкер 2022-жылы ​ эмерек жасоочу ишканасын кенейтүү боюнча долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган.

Ведомстводон билдиришкендей, долбоор фонддун байкоочу кенеши тарабынан жактырылып 2 млн сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген. Бул каражатка ишкер керектүү жабдыктарды сатып алып, ишканасын кенейткен. Буга чейин 4 адам иш менен камсыз болсо, азыркы учурда 8 адам иштөөдө.​

Ишкана ар түрдүү эмеректерди, сувенирлерди, темир отургучтарды жасайт.

Пикир

Оставить комментарий