• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу куткарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери экология өкүлдөрү менен биргеликте көлдү браконьер торлорунан тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда, Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында көл ортосунда канаттары жараланган ак куу табылган.

“Кызматкерлер ак кууну жээкке алып чыгып, "Бугу эне" жапайы жаныбарларды реабилитациалоо борборуна өткөрүп беришкен", - деп белгилешти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий