• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Ысык-Көл районунун сел жүргөн айылдарына куткаруучулар тартылды

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл районунун сел жүргөн айылдарына куткаруучулар тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районунун сел каптаган Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары тартылып, 15 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы жана мотопомпа менен иштеп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ түнкү саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана "Ысык-Көл Аврора " эс алуу жайын сел суулары каптаган.

Пикир

Оставить комментарий