Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Ысык-Көл районун Григорьевка айылындагы А.Пушкина атындагы 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2016-жылы башталган. Бүгүнкү күндө мектеп дээрлик 98 пайызга бүткөрүлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшырылат.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий