• 87.4
  • 95.11
  • 1.02

Ысык-Көл облусунун эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 18.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылды.

Учурда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат.

Пикир

Оставить комментарий