Бишкек, 26.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ысык-Көл менен Соң-Көлдөн 95 миң 300 чарчы метр тор жана 14 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
Министрдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары браконьерлерге каршы күрөш боюнча жигердүү иш алып барууда.
“Быйыл мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, көлдөргө балыктын чабактары салынды. Анын натыйжасында балык аябай көбөйдү. Бирок балык көбөйгөнү менен ошончолук торлордун дагы саны көбөйдү. Торлордун башкача түрлөрү дагы пайда болду. Буга чейин торлор сууда көрүнүп турса, эми суунун түсүндөй болгон торлор бар. Бүгүнкү күндө броконьерлер JPS`тин жардамында торлору кайсыл жакта жатканын көрүп, торлорун таап алып жатышат. Бирок ушуга карабай браконьерлерге каршы күрөш жигердүү жүрүүдө”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий