• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ысык-Атанын Жайылма айылында жаңы ФАП пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айыл аймагына караштуу Жайылма айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) пайдаланууга берилди.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, ФАПтын курулушуна "Барака" кайрымдуулук уюму тарабынан 3 млн 400 миң сом каржыланса, Туз айыл өкмөтүнүн өздүк салымынан 1 млн 810 миң сом жумшалды.

Ачылыш аземине Чүй облусунун башчысынын орун басары Гүлмира Кыштобаева, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов, демөөрчүлөр, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий