• 85.91
  • 93.34
  • 1.03

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Эртең, 19-сентябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, сапардын жүрүшүндө Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анда эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу жана экономикалык кызматташтыгы кеңири талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий