• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

ДКО-2024: Кыргызстандын көкпар командасы Түркияны жеңип, финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек,10.09.24. /Кабар/. Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар курама командасы финалга чыкты.

Бүгүн жарым финалда кыргызстандыктар Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди.

Финалда Кыргызстандын командасы ким менен ойной турганы Казакстан менен Россиянын жарым финалдагы беттешинен кийин белгилүү болот.

Бүгүн Казакстан ¼ финалда АКШнын командасын 12:4 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий