• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

V Азия оюндары: Түркмөнстандын курамасы биринчиликте келе жатат

Спорт 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында Түркмөнстандын курама командасы байге куржунуна 194 медаль топтоп, башка атаандаштарынан озуп биринчиликте келе жатат.

Оюндардын расмий сайтында маалымдалгандай, учурда, Түркмөнстандын байге куржунунда 194 медаль, анын 77 – алтын, 54 – күмүш жана 63 – коло.

Жакынкы атаандашы Ирандын курама командасында 73 медаль бар. 20 – алтын, 15 – күмүш жана 43 – коло.

Түркмөн курама командасы эң көп алтын медалды бел боо күрөшү боюнча (36) жана улуттук күрөштө (23) уткан.

Кыргызстандын курама командасынын куржунунда 42 байге бар. Алардын 7өө алтын. Учурда Кыргызстан 10-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий