Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын "Санарип сом" долбоордук тобу өз командасына кошуу үчүн IT-архитектор издейт. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу уюмдан маалымдашты.
Резюмелерди кабыл алуу 2024-жылдын 1-февралына чейин жүргүзүлөт: mail@nbkr.kg электрондук дарегине "Долбоордук топко" деп көрсөтүү менен жана/же (0555) 66 58 40; (0999) 03 02 91 (WhatsApp); (0312) 66 90 56 жөнөтүңүз.
IT-архитекторуна карата квалификациялык талаптар:
- жогорку техникалык билим;
 - негизинен IT тармагында 1 жыл же андан көп иш тажрыйбасы;
 - программалык каражаттын архитектурасынын варианттарын билүү;
 - программалык каражаттын архитектурасын документтештирүү боюнча көндүмдөр;
 - программалык каражатка карата талаптарды баалай билүү;
 - программалоо ыкмаларына жана маалыматты иштеп чыгууда эсептөө техникасын колдонууга тийиштүү материалдарды, жабдуулардын максатын жана иштөө режимдерин, аны техникалык эксплуатациялоонун эрежелерин билүү;
 - документтер менен иш алып баруу деңгээлинде англис тилин билүү (A2);
 - аналитикалык ой жүгүртүү жана изилдөө ишин жүргүзүү жөндөмүнө ээ болуу;
 - командада иштей билүү, жоопкерчиликтүү, уюшкандыкта, туруктуу жана демилгелүү болуу;
 - сунуштоо каттары кабыл алынат.
 
Керектүү көндүмдөр:
- программалык каражаттын архитектурасынын варианттарын түзүү;
 - функционалдык мүнөздөмөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде ар бир компонент колдонула турган эксплуатациялык, физикалык мүнөздөмөлөрдү жана экологиялык шарттарды аныктоо;
 - ар бир компоненттин жана бүтүндөй программалык каражаттын маалымат структурасын аныктоо;
 - методдорду жана схемаларды камтыган компоненттердин алгоритмдерин сыпаттоо;
 - программалык каражаттын иштешинин жана тейлөөнүн мүмкүндүгүн баалоо;
 - варианттардын сыпаттамасын жана тандалган варианттын техникалык-экономикалык негиздемесин камтыган компоненттердин архитектурасынын мүмкүн болгон варианттарын техникалык изилдөө.
 
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий