• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

УКМК: Массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Курсан Асанов кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Курсан Асанов кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 2020-жылдын 10-октябрында массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Курсан Асанов кармалган.

Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий