• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Учак кырсыгы. Садыр Жапаров Корея президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 29.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Boeing 737 жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты.

"2024-жылдын 29-декабрында Кореянын Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий