• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ислам оюндары. Тынар Шаршенбеков күмүш байгенин ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Тынар Шаршенбеков Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду.

Тынар Шаршенбеков жалпы 2 жеңиш менен финалга чыккан. Алгач алжирдик, жарым финалда түркмөнстандык балбанды 8:6 эсебинде жеңген.

Финалда ирандык Ширзад Бехештитала менен беттеште 2:4 эсебинде жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Спортчу 63 кг салмактык категорияда күч сынашты.

Пикир

Оставить комментарий