• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Транспорт министри Ошто жүк ташыган айдоочулар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 07.01.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында жүк ташыган айдоочулар менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда айдоочулар туш болуп жаткан көйгөйлөр талкууланды.

Министр Абсаттар Сыргабаев эл аралык автомобилдик ташууларды аткарган айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү, кыргызстандык жүк ташуучулардын кызыкчылыктарын коргоо максатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, быйыл уруксат кагаздары (дозвол) боюнча маселе жаралбай турганын билдирди.

Мындан тышкары, ведомство жетекчиси Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине электрондук уруксат кагаздарын берүүдө кандайдыр бир кемчиликтер жаралса тез арада жоюу боюнча жеринде тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий