• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Токмок шаарынын экс-мэри Бишкек шаарынын вице-мэри кызматына дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.11.22./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын вице-мэри Попиков Олег Владимирович ээлеген кызматынан бошотулду.

Шамыралиев Жыргалбек Жумадилович Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалды, ал буга чейин борбор калаа башчысынын кеңешчиси болгон.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бир күн мурун кол койгон.

Эскерте кетсек, Жыргалбек Шамыралиев 2018-жылы берген арызына ылайык Токмок шаарынын мэри кызматынан алынган.

Пикир

Оставить комментарий