• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Тоң районунда сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 11.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районундагы Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүргөн.

ӨКМден билдиришкендей, жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары, "Кыргыз Жол Курулуш" ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды.

Пикир

Оставить комментарий