• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Эми бишкектиктер үчүн коомдук транспортту көзөмөлдөөнүн жаңы жолдору жеткиликтүү

Коом 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Эми Бишкек шаарынын тургундары жана конктору "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин "Автобус" бөлүмүнөн автобустардын кыймылын көзөмөлдөй алат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти

Маалыматка ылайык, эми тиркемеден мурда бар болгон автобустардан тышкары №№ 2, 9, 10, 11, 12, 17, 21, 34, 41, 46, 360 коомдук транспорттун жүрүүсү боюнча кошумча маалымат алууга болот.

Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу же жаңы колдонуучу болсоңуз төмөнкү шилтемелерден жүктөп алуу керек: Play Market: play.google.com, App Store iOS: apps.apple.com

Эскерте кетсек, мобилдик тиркемеден тышкары, Бишкек мэриясынын порталынан шилтеме боюнча коомдук транспорттун жүргөн жерин байкоого болот.

Пикир

Оставить комментарий