• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ташиев футбол боюнча жаштар курамасынын Испанияда өтүп жаткан машыгууларына көз салды

Спорт 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Күн мурун футбол боюнча Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйынынын алкагында алгачкы контролдук беттешин өткөрдү.

Кыргыз фктбол биримдигинен билдиришкендей, оюн испандык "Картахена" клубуна каршы өттү.

Беттешке Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күбө болуп, ал курама команданын 5-0 ири эсеп санындагы жеңиши менен аяктады.

Оюндан соң КФБ жетекчиси футболчуларды жеңиши менен куттуктап, жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында команданын Азия кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий