• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Таластын Көк-Сай айылында курулушу 2017-жылы башталган бала бакча быйыл колдонууга берилет  

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлайт.

Аталган балдар бакчасынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1480,9 чарчы метр.

Курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктап, ишке берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий