Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Бүгүн Талас районунун Бал-Бал айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Фельдшердик-акушердик пункт бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган жана сапаттуу биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык талаптарга жооп берет.
Белгиленгендей, ФАПтын курулушу "Ас-Сафа" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланды.
Министр өз сөзүндө фондго ыраазычылык билдирип, аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты ведомствонун ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий