• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Таласта Чоң-Кошой өзөнүнө 800 түп ийне жалбырактуу көчөт олтургузулду

Аймак 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Талас облусундагы Чоң-Кошой өзөнүнө 800 ийне жалбырактуу көчөттөрү олтургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Көчөттөр ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы менен Токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнүн 2 гектар жерине тигилди.

Иш-чара КР президентинин "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында жаратылыш кырсыктарын жана топурактын эрозиясын алдын алуу максатында уюштурулду.

Көчөт тигүү жана жашылдандыруунун эң негизги максаты – көрктүү, таза жана табияты кооз Кыргызстанды келечек муунга мурас калтыруу.

Пикир

Оставить комментарий