• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Таласта акын Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулууда

Аймак 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Талас шаарында кыргыз элинин көрүнүктүү акыны Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулууда. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, айкел акындын 90 жылдык мааракесине карата орнотулууда. Айкелди тургузуу үчүн Альянс-Алтын фонду тарабынан 3 млн сом акча каражаты каралып, учурда иштер кызуу жүрүүдө.

“Ошондой эле эстеликтин аймагындагы чакан гүлбакча үчүн брусчатка төшөлүп, айкелдин тегерегине арча-кайыңдар тигилүүдө. Гүлбакчаны куруу жана айланасын жасалгалоо үчүн жигердүү уул-кыздардын демилгеси менен каражат чогултулду”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Жакынкы күндөрдө айкелдин ачылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий