Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында К.Байтереков атындагы спорт комплексинин курулушу бүткөрүлдү.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спорт комплекстин курулушу 2021-жылы башталып, тендердик баасы 53,6 млн сомду түзгөн.
Жаңы салынган спорт комплекс эки кабаттуу, заманбап шарттары менен курулуп, жалпы аянты 993 чарчы метрди түзөт. Мындан сырткары, жыйын залы, спорт зал, кийим алмаштыруу бөлмөсү, машыктыруучунун бөлмөсү каралган.
Пикир
Оставить комментарий