• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Талас шаарына 26,5 миң түп гүл отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Талас шаарына быйыл 26 миң 500 түп гүл отургузулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар аймагына Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасынын күнөсканасына эгилген 10 түр гүл отургузулмакчы. Алардын 6 миң 500 даанасы бархат, 4 миң даанасы ампель петуниясы, калганы петуния гүлүнүн башка түрлөрү.

Гүлдөр аба ырайы турукташкан мезгилден тарта шаар көчөлөрүнө, жашыл аянттарга, мекеме-ишканалардын алдыларына жана сейил бактарына отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий