• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Түптүн Байзак айылында 100 балага ылайыкталган бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Байзак айылында 100 балага ылайыкталган бала бакча курулууда. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет.

Бала бакча эки кабаттуу 947 чарчы метрлүү имараттан турат. Курулуш жумуштары “Белек и Ко ЛТД” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин 80 пайыздык жумушу бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий